БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Армян өкмөтү республикадагы Батышка ыктаган тараптардын Евробиримдикке кошулушун демилгелеген мыйзам долбоорун колдоду. Аны эми парламент карамакчы. Бул туурасында Sputnik Армения кабарлады.
Былтыр 25-октябрда батыштык маанайдагы саясатчылардын, коомдук ишмерлердин башын бириктирген демилгечилер тобу 60 миң кол топтогон (зарыл болгон 50 миң добуштун ордуна).
"Өкмөт Армения Республикасынын "Армениянын Евробиримдикке кошулуу процессинин башталышы жөнүндө" мыйзам долбоорун жактырды. Өкмөттүн сунушу бекитилген тартипте Улуттук Жыйынга берилсин", — деп айтылган министрлер кабинетинин токтомунда.
Документти ТИМдин башчысы Арарат Мирзоян алып келген. Министрдин айтымында, армяндар менен ЕБдин алакасы тездик менен ырааттуу өнүгүүдө. Евробиримдик Ереванга, тагыраагы, коопсуздук жаатында өлкөгө байкоочуларды жөнөткөн жана экономикалык өнүгүү боюнча жардамдашарын билдирген. Кеп аталган уюмдун армян-азербайжан чек арасына жиберилген миссиясы туурасында болгон.
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян бул чечим ЕБге мүчөлүк дегенди билдирбестигин, аталган маселе референдумда чечилерин айтты.
"Бул чечим менен биз тышкы саясаттагы көз карандысыз чечимибизди бекемдейбиз. Ал биздин кызыкчылыктарга негизделген, теңдештирилген саясатыбызга туура келет жана тышкы саясатыбызды балансташтырат. Армян министрлер кабинети бул демилгеге каршы эмес, аны менен катар эле бул демилге биз жарыялаган тезистерди билдирип турат", — деген ал.
Пашинян муну менен катар эле Армения мыйзам долбоорун кабыл алгандан кийин ЕБ менен биргеликте жол картасын иштеп чыгуу керектигин билдирген.
Бул арада РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков бул мүчөлүк боюнча пикирин билдирди. Ал Евробиримдик менен ЕАЭБде бир мезгилде мүчө болууга мүмкүн эместигин, Евразиялык экономикалык биримдик Ереванга майнаптуу пайда келтирип жаткандыгын белгилеген.
Россия Армения менен да, Азербайжан менен да мамилелерди баалай турганын кошумчалаган.