Остеохондроз күчөп кетсе заара чыкпай, буту кыймылга келбей калат

Sputnik
Акыркы учурда көп адамдар остеохондрозу оорусунан улам кыйналып жатканын айтып даттанышат. Бул ооруга 30 жаштан өткөн бардык адамдар кабыларын нейрохирург Кеңешбек Ырысов билдирди. Нейрохирургдун айтымында, остеохондроз менен кеңсе кызматкерлери жана оор жүк көтөргөн курулушчулар бул оору менен көп жабыркашат. Анткени компьютерди тиктеп, керели кечке отуруу жана оор жүк көтөрүү ооруну күчөтөт. Профессорго оорунун табияты, алдын алуу, дарылоо, операциянын таасири жана дарыланбай жүрө берүүнүн кесепети тууралуу суроолорду бердик.