БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Президент Садыр Жапарпов транспорт салыгын жоюп, аны төлөй электердин карызын кечкенин билдирди.
Ал күйүүчү майдын литринен бир сомдон алына баштаганына байланыштуу транспорт салыгын толугу менен жоюу боюнча тапшырма берип, жарлыкка кол койгонун соцтармакка жазган.
"Транспортко мындан ары салык алынбайт, анын ордуна 1-январдан тарта ар бир айдоочу унаасына куйган ар бир литр бензин же дизелден бир сомдон алына баштады. 2025-жылдын 1-январына чейин автотранспортко салык төлөбөй келген жарандарыбызды да салыктан бошотуу (амнистия) боюнча тапшырма бердим. Бул салыктын түрүн төлөбөй жүргөндөр ого эле көп экен. Мамлекет үчүн канчалык оор болсо да, баарын кечтик. 2022-жылдын 1-январына чейинки юридикалык жана жеке ишкерлердин болгон карыздарын да кечтик", — деди Жапаров.
Мындан сырткары, дыйкандарды жер салыгынан бошотуу мораторийи 2030-жылга чейин узарттылып, ал дыйкандарга сугат суу маселеси чечилгенден кийин кайтарылары кошумчаланды.
Президент элге кайрылып, салыктын маанилүүлүгүн да белгилеген. Салыктардын эсебинен мамлекет кармалып турарын жана күчтүү болорун айткан өлкө башчы салыктарды өз убагында төлөөгө чакырган.
"Эмгек акы, пенсия жана жөлөк пулдардын көбөйүшү, социалдык объектилердин курулушу, жолдордун асфальтталышы жана башка иштер да чогултулган салыктан көз каранды экенин унутпаңыздар. Салык төлөбөй жүрө берсек кийин акыры кечип жиберет экен деген түшүнүктөн алыс болушубуз керек. Салыкты өз убагында төлөө — бул ар бир жарандын ыйык милдети. Биз суктанган өнүккөн өлкөлөрдө салык ыйык. Төлөбөгөнү же жашырганы үчүн өтө катуу жазалашат. Ошондуктан бизде да салык ыйык болушу керек", — деген Жапаров.