Азыркы тапта өспүрүмдөр арасында миопия (алысты начар көрүү) күч алууда. Илдет 21-кылымдын пандемиясы болуп саналат. Бул тууралуу Айдай Асатилла кызы Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда дүйнө жүзү боюнча миопияны токтотуу жолдору изилденүүдө.
"Дарыланууга мүмкүн болбогон миопияга жарыктын жетишсиздиги, буюмдарды жана гаджеттерди өтө жакын коюп иштөө же көрүү (китеп окуу, жазуу, кол өнөрчүлүк жана башка), ошондой эле уйкунун режиминин бузулушу себеп болууда. Учурдагы изилдөөлөргө ылайык, эң башкы фактор — гаджеттер. Негизинен азыркы жаш балдардын жашоо образы өзгөрүп кетти. Өзүбүзгө салыштырсак, биз эшикте көбүрөөк ойнойт элек жана бул биздин бардык жактан өсүп-өнүгүүбүзгө жакшы жардам берчү. Ошондуктан мурда көз айнек тагынган балдар аз болгон. Миопия балада канчалык эрте пайда болсо, ошончолук кооптуу. Анткени бала физикалык жактан өскөн сайын анын көзүнүн начар көрүүсү да күчөйт. Айрым балдарда жайыраак, кээ бирлеринде агрессивдүү өсөт. Бала миопия менен төрөлүшү да мүмкүн. Менин тажрыйбамда үч жашка чейинки балдарда кездешүүдө. Аларда 18 жашка чыкканга чейин күчөйт. Тилекке каршы, бул илдетти дарылоонун жолдору жок. Андыктан ата-энелер балдарын катуу көзөмөлдөп, баланын телевизорду жана гаджеттерди өтө жакын жерден көргөнүн жана алысты карап жатканда көзүн кичирейтип караганын байкаса сөзсүз түрдө көз дарыгеринин көзөмөлүнөн өтүшү керек", — деди Асатилла кызы.
Ошондой эле ал көздүн ар кандай ооруларын жана тубаса дарттарын алдын алуу үчүн бала эки айлык жана үч жаш кезинде профилактикалык көзөмөлдөн өтүшү керектигин кошумчалады.