БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Президенттин администрациясында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун төрагалыгы менен өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал боюнча кеңешме өттү.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, учурда эпидемиологиялык абал туруктуу деп бааланууда. 2025-жылдын биринчи аптасында КРВИ менен ооруган 4245 адам, сасык тумоого кабылган 16 адам катталган.
"Байсалов каникул соңуна чыгып, окуу процесси башталып мектеп менен бала бакчалар толук кандуу иштей баштаган маалда респиратордук оорулардын курчушуна жол берилбеши керектигин белгиледи", — деп айтылат минкабдын маалыматында.
Саламаттык сактоо министрлигине жана башка тиешелүү мамлекеттик органдарга инфекциялардын жайылышын алдын алуу боюнча чараларды күчөтүү тапшырылды.