УКМК: Ошто жарым миллиард сомдук жер мамлекеттин балансына кайтарылды

Sputnik
БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Ошто баасы 500 миллион сомдон ашуун 32 гектар жер мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал кылмыштуу кирешелерди адалдоо боюнча кылмыш ишинин алкагында өткөрүлүп алынган.
"Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына Ош облусунун Кара-Суу районунда жайгашкан, жеке турак жай курууга трансформацияланган баасы 500 миллион сомдон ашык 32 гектар жер тилкеси акысыз өткөрүп берилди", — деп жазылган маалыматта.
Учурда УКМК кылмыш жолу менен алынган мүлктөрдү, анын ичинде уюшкан кылмыштуу топтордун өкүлдөрүн аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам иш-чараларды улантып жатканы кошумчаланды.
Чолпон-Атадагы 60 млн. сомдук кафе мамлекетке кайтарылды