Бишкекте курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн 15 батири мамлекетке алынды

Sputnik
БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Бишкек шаарынын Ак-Өргө конушунда курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн 15 батири мамлекетке алынды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, курулуш жүрүп жаткан жер учурунда жеке жактарга мыйзамсыз берилген.
1 / 3

Бишкек шаарынын Ак-Өргө конушунда курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн 15 батири мамлекетке алынды

2 / 3

Маалыматка ылайык, курулуш жүрүп жаткан жер учурунда жеке жактарга мыйзамсыз берилген

3 / 3

Курулуш иштери 2027-жылдын биринчи жарым жылында бүтөрү кошумчаланды

"Ал жерге социалдык, маданий-тиричилик объектилери, жер астындагы унаа токтоочу жайлары бар 10 кабаттуу турак жай курулуп жатат. Объект Ахунбаев менен Ашар көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. Жалпы аянты 897 чарчы метр болгон 15 батир 89 миллион сомго бааланууда", — деп айтылат маалыматта.
Курулуш иштери 2027-жылдын биринчи жарым жылында бүтөрү кошумчаланды.
УКМК: Ошто жарым миллиард сомдук жер мамлекеттин балансына кайтарылды