Кыргызстанда чет өлкөлүктөр үчүн квота дээрлик үч эсеге көбөйтүлдү

Sputnik
БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Министрлер кабинетинин токтому менен чет өлкөлүктөргө жана жарандыгы жокторго 2025-жылга карата иммиграциялык квота аныкталды.
Ага ылайык, республика боюнча 1 100 квота бөлүнгөн. Анын ичинен 300ү Бишкекке, 100ү Ошко туура келет.
Белгилей кетсек, былтыр 400 адамга гана квота берилген. Анын ичинен борбор калаадан 100, ал эми Оштон 30 бөлүнгөн.
Маалымат борбор
Кыргызстандын бюджетине чет элдик жумушчулардан 229 млн. сом түштү