БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Лейлекте оор жүк ташуучу унаанын дөңгөлөгү жарылып, айдоочусу каза болду. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсык 8-январда Раззаков — Ош унаа жолунун 330-чакырымында болгон.
"Жалал-Абад шаарынын 42 жаштагы тургуну DAF үлгүсүндөгү күйүүчү май ташуучу унаасын токтотуп коюп, арткы дөңгөлөгүн текшергени барганда ал жарылып кеткен. Киши башынан жаракат алып, ооруканага жетпей каза болгон", — деп айтылат маалыматта.
Факт боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.