Кадамжайда жол кырсыгынан бир аял жана 4 айлык ымыркай каза болду

Ооруканадагы операция столунда жаткан аял. Архив
Sputnik
БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Кадамжайда жол кырсыгынан 49 жаштагы аял жана төрт айлык ымыркай каза болду. Бул тууралуу райондук ооруканадан билдиришти.
Мындан тышкары, каргашадан жети адам жабыркаган. Алардын үчөөнүн абалы оор экени белгиленди.
ЖКККББдан билдиришкендей, кырсык 7-январь күнү саат 20:00дө болгон. Ош — Баткен — Раззаков жолунда Hyundai Sonata жана Volkswagen Golf III унаалары сүзүшкөн.
Факт катталып, тергөө жүрүүдө.
Жол кырсыктан кийин унаа. Архив
Сокулукта автокырсыктан УКМКнын кызматкери каза болгону кабарланды