БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Республикалык жугуштуу оорулар клиникасы толуп, бейтаптар коридорго жаткырылууда. Бул тууралуу бейтапкананын башкы дарыгеринин орун басары Нургүл Молдалиева "Биринчи радиого" маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, 500 орундуу ооруканада учурда 606 бейтап дарыланып жатат.
"Клиникага кечээ 317 адам кайрылып, анын 123ү (114ү балдар) ооруканага жаткырылган. Орун жетпегендерге койкалар коюлуп, коридорлорго жаткырып жатабыз. Азыр күч алган оорулардын сап башында КРВИ турат, экинчи орунда кызамык, андан кийин башка оорулар", — деди Молдалиева "Биринчи радиого" курган маегинде.
Жалпысынан өлкөдө эпидемиологиялык абал туруктуу экени айтылды. Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги сууктан улам республикада КРВИ, сасык тумоо күч алганын эскерткен.