БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Молдова Кыргызстандын авиакомпанияларынын ишмердүүлүгүнө тыюу салууну мерчемдөөдө. Тиешелүү документти аталган өлкөнүн Инфраструктура жана аймактык өнүктүрүү министрлиги коомдук талкууга чыгарды.
Долбоордун максаты — улуттук мыйзамдарды Европа биримдигинин нормаларына шайкеш келтирүү. Ага ылайык, Кыргызстан, Россия, Армения, Афганстан, Иран жана башка болуп жалпы 20дан ашык өлкөнүн авиакомпанияларына тыюу салуу максатталган.
Документ 9-январга чейин талкууда болот. Аны кабыл алгандан кийин Кыргызстандын 16 компаниясынын ишмердүүлүгүнө Молдовада тыюу салынат. Алардын көпчүлүгү жүк ташуучу компаниялар.