ЕАЭБге төрагалык кылган өлкөнүн лидери: быйылкы жыл уюм үчүн маанилүү болот

Sputnik
БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Быйылкы жыл ЕАЭБ үчүн маанилүү болот. Бул тууралуу Беларустун президенти Александр Лукашенко билдирди.
Ал быйыл ЕАЭБге төрагалык кылгандыгына байланыштуу уюмга мүчө өлкөлөрдүн башчыларына кайрылуу жолдогон.
Лукашенко өткөн он жылда уюм макроэкономикалык туруктуулугун бекемдеп, геосаясий терс факторлордун таасирин азайтып, өзүнүн натыйжалуулугун далилдегенин белгиледи.
"2025-жыл ЕАЭБ үчүн маанилүү жыл болот: Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын ишке ашыруунун беш жылдыгы жыйынтыкталып, жаңы этаптын пайдубалы түптөлөт. Ошондой эле 2030-жылга чейин жана 2045-жылга чейин Евразиялык экономикалык жолду ишке ашыруу боюнча декларациянын алкагында экономикалык процесстерди өнүктүрүүнүн жаңы багыттары белгиленет", — деп айтылат кайрылууда.
Ал интеграциялык өнөктөштүктү чыңдоо максатында негизги приоритеттерди, атап айтканда, айыл чарба жана транспорт тармактарындагы кызматташтыкты аныктоону сунуштаган.
Кыргызстан былтыр бензинди ЕАЭБден, көбүн Россиядан алган