Актауда учак кырсыгынан жабыркаган эки кыргызстандык ооруканадан чыгарылды

Sputnik
БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Казакстанда кулаган учактан жабыркаган эки кыргызстандык Улуттук госпиталдан чыгарылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
Маалыматка караганда, үчүнчү бейтап дарыланууда. Абалы туруктуу.
Эскерте кетсек, 25-декабрь күнү Бакудан Грозный шаарына учуп келе жаткан "Азербайжан аба жолдорунун" Embraer-190 учагы кырсыкка учурап, ичиндеги 67 жүргүнчүнүн 38и көз жумган. Аман калган 29 кишинин үчөө кыргызстандыктар эле. Үчөө тең ооруканага жеткирилип, 20 жаштагы жигиттин абалы оор деп бааланып жаткан. 30-декабрда үчөө тең Кыргызстанга алып келинип, Улуттук госпиталга жаткырылган.
Учак кырсыгы. Садыр Жапаров Азербайжан президенти Илхам Алиевге көңүл айтты