Коомдо агрессиянын күчөшүнүн негизги себептеринин бири катары адистер экономикалык жетишпестикти аташат. Мындан сырткары идологиялык маселелер, саясий туруксуздук жана коомду агартуу иштеринин солгундугу да буга өз таасирин тийгизет дешет алар. ал эми улуттук өзгөчөлүктөр, үй бүлөлүк тарбия, салт-санаанын буга таасири барбы? Коомдуу агрессиялуу болуудан сактоодо салт-санаа жана жөрөлгөлөрдүн, жазылбаган бирок кылымдап сакталып келген эрежелердин орду канчалык?
Биз бул суроолорубузга "Кеменгер" уктуруусунун алкагында ой калчадык.