Өлкөнүн айыл чарбасынын дүң продукциясы 344,1 млрд сомду түзүп, былтыркыга салыштырмалуу 6,1%га өстү. Анын ичинен мал чарба продукциясын 156 млрд 219 млн сомду түзсө, өсүмдүк өстүрүүчүлүк 174 млрд 926 млн сом болду. Бул жылы кайра иштетүү тармагына да өзгөчө көңүл бурулду. 10 айдын жыйынтыгы боюнча 70 млрд 572 млн сом өлчөмүндө товар иштелип чыкты. 2023-жылга салыштырганда 15 млрд сомго көп болду. Буга чейин кайра иштетүүдө мындай көрсөткүч болгон эмес. Кант кызылчасы рекорддук көрсөткүчтөрдү көрсөтүп, түшүмдүүлүк былтыркыдан 319,7 миң тоннага көп болду.
Жалпы жыйынтыктар өлкөнүн айыл чарбасындагы оң динамикадан кабар берерин Суу ресурстары, Айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин биринчи орун басары Жаныбек Керималиев маалымдады.