2025-жылдын 1-январынан тартып, “Бириккен товар өндүрүүчүлөрдү каржылоо” долбоору ишке кирип жатат. Бул долбоор жеңилдетилген кредиттик каражаттарды берүү жолу менен кичи товардык өндүрүштү ирилештирүү процессине дем берүү жана бириккен айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүүнү көздөйт. Саамалык 5 жылга созулуп, республикалык бюджеттен жана “Айыл Банк”, “Элдик Банк” тарбынан каржыланат. Аталган долбоор жана дыйкан-фермерлерди колдоо жаатында жүрүп жаткан иштер тууралуу суроолорубузга Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин кооперациялоо, механизациялоо жана инновациялык технологиялар департаментинин директору Нурланбек Кожогулов жооп берди.