БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Кытайдын лидери Си Цзиньпинге Тибеттеги жер титирөөдөн адамдардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
"Кытай Эл Республикасынын Тибет автономиялуу районунда жер титирөөнүн кесепетинен адам каза болду деген кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан көз жумгандардын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам, жабыр тарткандардын тез сакайып кетишин каалайм. Ушул оор мезгилде биз орду толгус жоготуунун азабын бөлүшөбүз", — деп айтылат телеграммада.
Эске салсак, Кытайдын Тибет автономдуу районунун тоолуу Тингри уездинде бүгүн таңга маал жер силкинип, магнитудасы 6,8ге жеткен. Соңку маалыматтарга таянсак, 95 киши каза таап, 130га жакыны ар кыл жаракаттарды алганы айтылган.