БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Франциянын президенти Эммануэль Макронду америкалык ишкер Илон Масктын дарегине айткан сөздөрү үчүн сынга алып, Парижди кош стандарттуулукка айыптады.
Ал өзүнүн Telegram каналында Макрондун мындай деп айтканын эске салды: "Эгерде он жыл мурда кимдир бирөө дүйнөдөгү эң ири социалдык тармактардын биринин ээси жаңы реакциячыл эл аралык коомчулукту колдоп, шайлоого, анын ичинде Германиядагы шайлоого түздөн-түз кийлигишет деп айтса ишенмек эмесмин. Мындайды эч ким элестете албаса керек?".
"Башкача айтканда, бул социалдык тармак "Твиттер" деп аталып, ал шайлоолорго түздөн-түз кийлигишүү үчүн гана пайдаланылбастан, анын жардамы менен "түстүү революцияларды" жана "араб жазын" (бийлик алмашууну) уюштурган. Париж буларга көңүл бурмак түгүл процесстерди күчөтүп, колдоого алган. Алардын Европага, анын ичинде Бешинчи республикага жүз миңдеген качкындардын миграциясына себепкер болгону, экстремизм менен террорчулуктун болуп көрбөгөндөй көбөйүшүнө себепкер экени нааразы кылган да эмес", — деген Захарова.
Анын айтымында, азыр социалдык тармактын саясий вектору өзгөргөндөн кийин Париж "капысынан" кооптоно калды.
"Бул — Батыш либерализми тарабынан өнүккөн эрежелерге негизделген дүйнөлүк тартип. Макрон өзү көп жылдар бою үгүттөгөн эрежелер менен жашоону жактырбаганы таңгалыштуу", — деген Захарова.