Былтыр Улуттук банктын алтын куймаларынан канча киреше табууга болмок. Саресеп

Sputnik
БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. 2024-жылы 2023-жылдагыдай эле Улуттук банктын алтын куймаларын жыл башында сатып алып, жылдын аягында сатып акча табууга мүмкүнчүлүк болду.
Эске салсак, башкы банк 2015-жылдан тарта кыргызстандыктарга алтын сата баштаган. Ал — бир граммдан 100 граммга чейинки уютулуп, даярдалган куймалар. Аталган банк аны элге сатып, андан сырткары, кайра сатып да алат. Баасы улам өзгөрүп, Лондондогу баалуу металлдар ассоциациясынын кечки фиксингине (муну дүйнөлүк баа деп да атасак болот) карата аныкталып турат. Наркы жогорулаганда бир топ пайда көрсө болот.
Sputnik алтын куймалардын баасы өткөн жылы кандай өзгөрүп турганына көз чаптырды. Жыл ичинде көрсөткүчтөр рекордго да чыгып турган. 8-январь (иш күндөрү башталганда) менен 31-декабрь (жылдын акыркы иш күнү) күндөрүндөгү маалыматтарды алдык.
Төмөндө жыл башында сатып алынган алтын куйманы жылдын аягында сатып, канча сом тапса болору көрсөтүлгөн:
1 грамм — 1 365,5 сом;
2 грамм — 2 750;
5 грамм — 6 958;
10 грамм — 13 111;
31,1 грамм (унция) — 37 987,5;
100 грамм — 118 814 сом.
Доллардын курсу менен алтындын баасы
2-январдан 30-декабрга чейин Лондондун баалуу металлдар рыногунун ассоциациясынын кечки фиксингинин баасы 1 троя унциясы үчүн 540 доллардан ашык кымбаттап, 2067,6 долларды түздү. Кыргызстанда доллар, расмий маалыматтар боюнча, 1-январдан 31-декабрга чейин 2 сомго арзандап, 87 сомду түздү. Алтын куймаларды сатуу дайыма эле кирешелүү боло бербейт. Мисалы, 2022-жылы жылдын башында алтын куйма алып, жыл соңунда саткандар артка кетишкен.
Быйыл Кыргызстанда 2,3 миң даана коллекциялык монета чыгарылат