БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп TRUTH Social аттуу социалдык тармакта Канадага Кошмо Штаттарга кошулууну сунуштады. Муну ал премьер-министр Жастин Трюдо отставкага кетүү ниетин билдиргенден кийин айтканын РИА Новости жазды.
"Канаданын жашоочуларынын көбү өлкөнүн 51-штаты болуусун колдошот. Америка Кошмо Штаттары мындан ары Канаданы кармап турган ири соода тартыштыгына жана субсидияларга чыдай албайт. Жастин Трюдо муну түшүнүп, отставкага кеткени жатат", — деген Трамп.
Жаңы шайланган президент эки өлкөнүн биригүүсү соода тарифтерин жок кылып, салыктарды азайтып, Оттаваны дайыма курчап турган россиялык жана кытайлык кемелердин коркунучтарынан коргоого толук кепилдик бермектигин кошумчалаган.
Дүйшөмбү күнү Канаданын премьер-министри жана башкаруучу Либералдык партиясынын лидери Трюдо партиянын жаңы жетекчиси шайлангандан кийин өкмөт башчылыктан кетерин билдирген.
Буга чейин ЖМКларда Либералдык партиянын 50дөн ашык депутаты премьер-министр кызматтан кетиши керек деген пикирге келгенин кабарлашкан. Ошондой эле Канаданын Жаңы демократиялык партиясынын лидери Жагмит Сингх Трюдону ишинен баш тартууга чакырып, алдыдагы жыйындарда ага ишеним көрсөтпөө маселесин көтөрүп чыгарын жарыялаган.