БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Бүгүн, 7-январда, Тибеттеги зилзалада 53 адам каза болуп, 62си жаракат алганын РИА Новости Синьхуа агенттигине таянып билдирди.
Маалыматта жабыркагандардын саны дагы көбөйүшү мүмкүн экени айтылат. Миңдеген имараттар кыйрап калган.
Магнитудасы 6,8ге жеткен табигый кырсык Кытайдын Тибет автономдуу районунун тоолуу Тингри уездинде бүгүн таңга маал болгон. Учурда куткаруу иштери жүрүп жатат. Жомолунгма тоосуна (Эверест чокусуна) кеткен жол туристтер үчүн жабылган.
Агенттик Кытай башчысы Си Цзиньпин издөө иштерине, аман алып калууга болгон күчтү жумшоого тапшырма бергенин кошумчалады.
Сейсмологдор андан кийин 49 афтершок болгонун айтышууда. Жер титирөөнүн очогунан 20 чакырым радиустагы айылдарда 6,9 миңге жакын адам жашайт.