БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-январда, православ динин туткан кыргызстандыктарды Рождество майрамы менен куттуктаганын анын маалымат кызматы билдирди.
Президенттин айтымында, бул майрам – Иса пайгамбардын туулган күнү эң маанилүү баалуулуктарды: кайрымдуулукту, боорукердикти, жакыныбызга болгон камкордукту жана коомдогу тынчтык менен ынтымак үчүн ар бирибиз жооптуу экенибизди эскертет.
"Рождество майрамы дүйнө жүзү боюнча миллиондогон адамдарды боорукердик, биримдик жана адилеттүүлүк үчүн сыйынууда бириктирет", — деген Жапаров куттуктоо сөзүндө.
Президент республика өзүнүн көп кылымдык тарыхы, конфессиялар аралык ынтымактын жана элдердин достугу менен сыймыктанарын белгиледи. Ал ошондой эле православдык коомчулуктун коомдун өнүгүшүнө кошкон маанилүү салымын белгиледи.