БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Рождествону атайын операциянын катышуучулары жана ардагерлери, ошондой эле ыктыярчылары менен тосту. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Мамлекет башчы салтка айлангандай Рождество майрамында чиркөөгө барат. Бул жолу ал христиандар үчүн маанилүү майрамды Москвадагы Поклонная дөңсөөсүндөгү ыйык Георгий Победоносец чиркөөсүндө белгилеген.
Андан соң мамлекет башчы Москва жана Бүткүл Рустун патриархы Кириллди куттуктоо үчүн Куткаруучу Христостун чиркөөсүнө барган. Президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков патриарх Путиндин өтүнүчү боюнча атайын операциянын аймагындагы аскер кызматкерлерине арнап кресттерди жана иконаларды койгон.
Путин христиандарды, жалпы россиялыктарды куттуктап жатып, Рождество миллиондогон адам үчүн баалуу болгон жаркын майрам экенин белгилеген. Ал Рождество динге ишенгендерге кубаныч жана үмүт тартуулап, жакшы иштерге шыктандыра турганын айткан.