Православ динин туткандар Бишкекте Рождествону белгиледи. Видео

Салт боюнча, православ христиандары 7-январга караган түнү Рождество майрамын белгилей башташат. Быйыл Бишкектеги Свято-Воскресенск соборуна борбор калаанын тургундары жана коноктору көп келишти.
Sputnik
Эскерте кетсек, майрамдык салтанат адатта түндө болот. Православдык христиандар чиркөөлөргө келип, кудайдан ырайым сурап, ошондой эле жакындарынын ден соолугу үчүн сыйынышат.
Бул майрамда адамдар дасторкон үстүндө бири-бирине белек беришет. Мындан тышкары, үйлөрүнө конокко барып, салттык ырларды ырдашат.
Православ динин туткандар Рождество майрамынын алдында кырк күндүк пост кармашат.
Жапаров православ динин туткандарды майрамы менен куттуктады