Ош шаарында дагы Рождество белгиленди

Sputnik
БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Ош шаарындагы Архангел Михаил чиркөөсүндө православ христиандарынын Рождество майрамы белгиленди.
Кыргызстандын түштүк өрөөнүнүн православдык чиркөөсүнүн башчысы, протоиерей Виктор Реймген чогулгандарды куттуктады.
1 / 4

Ош шаарындагы Архангел Михаил чиркөөсүндө православ христиандарынын Рождество майрамы белгиленди

2 / 4

Кыргызстандын түштүк өрөөнүнүн православдык чиркөөсүнүн башчысы, протоиерей Виктор Реймген чогулгандарды куттуктады

3 / 4

Ошондой эле Москва жана Бүткүл Русь патриархы Кириллдин, Ташкенттин жана Борбордук Азиянын митрополити Викентийдин жана Бишкек епискобу Савватийдин рождестволук куттуктоолорун окуп берген

4 / 4

Мындан тышкары, "Светоч" мектебинин окуучулары балдарга шаңдуу программадагы концерт тартуулаган. Соңунда бөбөктөргө белектер тапшырылган.

Ошондой эле Москва жана Бүткүл Русь патриархы Кириллдин, Ташкенттин жана Борбордук Азиянын митрополити Викентийдин жана Бишкек епискобу Савватийдин рождестволук куттуктоолорун окуп берген.
Чиркөөгө жаштар да, улгайгандар да келгени, айрымдары бүлөсү менен майрамдашканы белгиленди.
Мындан тышкары, "Светоч" мектебинин окуучулары балдарга шаңдуу программадагы концерт тартуулаган. Соңунда бөбөктөргө белектер тапшырылган.
Православ динин туткандар Бишкекте Рождествону белгиледи. Видео