Кыргызстан былтыр бензинди ЕАЭБден, көбүн Россиядан алган

Sputnik
БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. 2024-жыл боюнча соңку маалыматтарга таянсак ( январь–октябрь), Кыргызстан бензинди ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн, көбүн Россиядан сатып алган.
Бул мезгил аралыгында республика 552 миллион тонна бензин импорттогон.
Саткан өлкөлөр:
Россия — 547 миллион 36,1 миң литр;
Казакстан — 3 миллион 606,1 миң литр;
Беларусь — 1 миллион 307,1 миң литр.
2023-жылдын ушул эле мезгилинде өлкө алардан 484,6 миллион литр бензин алган эле.
Кыргызстан күн карама майынын жетпеген бөлүгүн негизинен ЕАЭБден алат