БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Быйыл, 2025-жылы, Кыргызстандын футбол боюнча курама командасын маанилүү бир катар оюндар күтүп турат.
Дүйнө чемпионатына тандоонун 3-раундунун алкагында акыркы төрт оюн болот:
Өзбекстан — Кыргызстан (20-март);
Кыргызстан — Катар (25-март);
Корея Элдик Демократиялык Республикасы — Кыргызстан (5-июнь);
Кыргызстан — БАЭ (10-июнь).
Учурда биздин команда тайпада бешинчи орунда турат. Эгерде 3-4-орунду камсыздай алса, октябрда боло турган төртүнчү раундга өтөт. Эске салсак, ноябрда бешинчи раунд уюштурулат (буга да өткөнгө аракет кылыш керек).
Эгерде "Ак шумкар" 4-турга жолдомо ала албаса, анда FIFA (курама командалар үчүн) уюмунун даталары октябрь, ноябрда бош болот да, балким, жолдоштук беттештерди өткөрүшү мүмкүн.
Ошондой эле сентябрь айында CAFA Nations Cup 2025 (Борбор Азиянын Футбол ассоциациясынын турнири) оюну өтүшү пландалууда.