Төрөттөн кийин аялдар өзгөчө камкордукка муктаж. Анткени төрөт учурунда аялдын организми көп энергия коротот. Аялдын ден соолугу калыбына келиши үчүн 40 күнгө чейин керек делет, бирок 6 айдан 2-3 жылга чейин созулат. Биринчи жолу көз жарган энелер өзгөчө камкордукка муктаж. Төрөгөн аял эмчектерин суук тийүүдөн, баланы эңкейип эмизүүдөн, оор нерсе көтөрүүдөн, ооруп калуудан сактанышы керек. Эгерде организминде өзү шектенген өзгөрүүлөрдү байкаса дароо дарыгерге кайрылуусу абзел. Ал эми эмоционалдык депрессияга кабылса психологдон же жолдошунан, болбосо анын жана өзүнүн ата-энесинен, туугандарынан жардам сураганы жакшы. Аларга коркуу жана тынчсызданууларын ачык айтса болобу?
Жоопту “Көз мончок” программасынан тыңдаңыздар.