БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Кыргызстанда криптобанктарга лицензия берип, криптовалюталарды мыйзамдаштыруу пландалууда. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.
Анда технологиянын өнүгүшү менен криптовалюталарды каржы системасына интеграциялоо зарылдыгы белгиленген. Лицензияны Улуттук банк берет.
"Акыркы жылдары криптовалютага болгон кызыгуу бир топ өстү. Криптобанк түзүү бизге бул рынокту мыйзамдаштырууга мүмкүндүк берет. Криптобанк жарандардын жана бизнестин кызыкчылыктарын гана коргобостон, экономикалык жактан өнүгүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт", — деп жазылган анын негиздемесинде.
Криптобанкты киргизүү төмөнкү максаттарды жана милдеттерди чечүү үчүн шартталган:
криптовалюталар менен операциялар үчүн укуктук базаны түзүү;
маалыматтарды жана транзакцияларды коргоонун заманбап технологияларын киргизүү аркылуу колдонуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу;
финансы секторундагы инновацияларга дем берүү жана жаңы бизнес-моделдерди өнүктүрүү;
криптоактивдер менен операцияларды мыйзамдаштыруунун эсебинен салыкты көбөйтүү;
өлкөгө чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу.