БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Донбасс аймагындагы Курахово шаары толугу менен Россиянын көзөмөлүнө өттү. Бул тууралуу өлкөнүн Коргоо министрлигине таянып РИА Новости жазды.
Маалыматка ылайык, шаар ири логистикалык түйүн болуп, анын бошотулушу украин күчтөрүнүн тылдык камсыздоосун жана техникалык колдоосун кыйла татаалдаштырган.
“Соңку 10 жылда украиналык аскерлер Кураховону күчтүү коргонуу аймагына айландырып, узак мөөнөттүү ок атуучу жайларды жана жер алдындагы коммуникацияларды өнүктүрүшкөн. Шаардын түндүк тарабы суу сактагыч менен корголуп, бул орус аскерлеринин мүмкүнчүлүгүн кыйла чектеген. Кураховону бошотуу учурунда каршылаштын жоготуулары 80 пайызды түздү. Тактап айтканда, 12 миңден ашуун адам, үч миңге жакын ар кандай курал-жарак жана аскердик техника, анын ичинде 40 танк жана башка бронетехникалар жок кылынган", — деп айтылган маалыматта.
Кураховону коргоо үчүн украин тарап чет өлкөлүк жалданма жоокерлерди, улутчулдарды, жалпысынан 15 миңден ашуун аскер кызматкерин тарткан.
Курахово шаары стратегиялык мааниге ээ болуп, Марьинка менен Красногоровканын батыш тарабында жайгашкан. Анын бошотулушу украиналык аскерлерге эки багыттан коркунуч жаратары кошумчаланды.