Өлкөнүн кайсы облусунун жашоочулары китепканага көп барары айтылды

Sputnik
БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Улуттук статистика комитети 2019-2024-жылдар аралыгында китепканага баргандар боюнча маалыматтарды жарыялады.
Ага ылайык, 2023-жылы китепкананын кызматынан (мектептеги китепканаларды эсепке албаганда) пайдалангандардын саны 1,4 миллионду түзгөн. Бул көрсөткүч 2019-жылдагыдан 33 пайызга аз.
Аймактарга бөлүп караганда китепканага баргандардын саны төмөнкүдөй:
Ош облусу — 159 миң адам;
Ысык-Көл — 156 миң адам;
Жалал-Абад — 150 миң;
Чүй облусу — 135 миң;
Нарын облусу — 132 миң.
Радио
Өлкөдөгү китепканалар санариптештирүү жабдыктары менен камсыздалат