БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Кыргызстанда метапневмовирус жуктурган эки учур аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2024-жылдын 40-52-жумаларында республикада оор респиратордук инфекциялар боюнча 1 144 анализ жүргүзүлгөн. Анын ичинен эки адам метапневмовирус инфекциясын жуктуруп алганы аныкталган. Мындан тышкары, 210 риновирус, 259 респиратордук вирус, 105 аденовирус, 79 бокавирус жана сасык тумоонун 98 түрү аныкталган.
Метапневмовирус Кытайда жайылып, абдан кооптуу вирус экени кабарланууда. Ал негизинен балдарга жана карыларга кооптуу. Инфекцияны алдын алуу үчүн жеке гигиена менен аралыкты сактоо сунушталат.