Баткенде жарылган снаряд. Жабыркагандардын абалы айтылды

Sputnik
БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Лейлекте жарылган снаряддан жабыр тарткандарга операция жасалып, экөөнүн тең абалы туруктуу оор. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
Жарылууга байланыштуу кыргыз-тажик ИИМинин өкүлдөрү жолугушканын Баткен ОИИБ билдирди.

“Окуя боюнча Лейлек менен Согдунун РИИБ жетекчилери жолугуп, элди дүрбөлөңгө түшүрбөө максатында маалымат алмашып, сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Учурда окуя болгон жай милиция тарабынан кайтарууга алынып, жарандарды короонун ичине киргизбөө максатында лента тартылып, иликтөө иштери уланууда”, — деп айтылган милициянын маалыматында.

Эске салсак, кечээ Лейлек районунун Арка-2 айылында снаряд жарылып, эки жаран жараат алган.
Бир кыздын өмүрүн алган тез татымдагы жарылуу. Жалал-Абадда үч киши кармалды