Радио

Энергетика министри: Камбар-Ата-1 ГЭСи алты жарым жылда курулуп бүтөт

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Камбар-Ата-1 ГЭСи 6,5 жылда курулуп бүтөрүн, ири долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси даярдалып жатканын кеп кылды
Sputnik
Кыргызстан 2027-жылга чейин электр энергиясынын импортун жабышы керек. Учурда өлкөдө дефицит 3 миллиард киловатт-саатты түзүп, Түркмөнстандан, Казакстандан, Өзбекстандан, Россиядан сатып алууга туура келерин Таалайбек Ибраев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга эсептөөлөр боюнча 3,5 миллиард доллар сарпталат.

"Камбар-Ата-1 ГЭСин Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан биргелешип куруу чечимин кабыл алган. Бул ири долбоор Борбордук Азиядагы экономикалык өсүштүн катализатору да болуп калат. Учурда Дүйнөлүк банк бардык социалдык жана экологиялык факторлорду эске алуу менен Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоорун ишке ашырууда. Жакында эле эл аралык башка донорлор менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, колдоо көрсөтүү сунушун карап жатышат. Алдыдагы эң негизги маселелердин бири — биз 2027-жылга чейин электр энергиясынын импортун жабышыбыз керек. Мындай талапты Дүйнөлүк банк коюп жаткандыктан жакынкы аралыкта энергетикалык кубаттуулукту көтөрүп, чакан ГЭСтерди жана кайра жаралуучу энергия булактарын көбөйтүү зарыл. Эсептөөлөр боюнча, Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга 3,5 миллиард доллар сарпталат жана 6,5 жыл убакыт керектелет", — деди Ибраев.

Ошондой эле ал Камбар-Ата-1 ГЭСи курулса экономикалык реформалар үчүн мүмкүнчүлүктөр түзүлүп, улуттук экономиканын бардык тармактарына оң таасирин тийгизерин кошумчалады.