Индонезия БРИКСтин мүчөсү болду

Sputnik
БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Индонезия БРИКСтин мүчөсү болду. Бул тууралуу Бразилиянын Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Аталган мамлекет калкынын саны боюнча дүйнөдө 4-орунда (277 миллиондон ашык адам), ал эми экономиканын көлөмү боюнча 8-орунда турат.
Буга чейин Индонезиянын Тышкы иштер министрлиги БРИКСтин Глобалдык Түштүк өлкөлөрүнүн ортосундагы алаканы чыңдоодогу жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн жалпы кызыкчылыктарын илгерилетүүдөгү ролун белгилеген.
Белгилей кетсек, быйыл БРИКСке Бразилия төрагалык кылат.
БРИКС 2006-жылы Бразилия, Россия, Индия, Кытай тарабынан түзүлгөн, ал эми беш жылдан кийин уюмга Түштүк Африка кошулган. Өткөн жылы БРИКСке мүчө болуп Египет, Эфиопия, Иран, БАЭ жана Сауд Арабиясы кирген.
Трамптын БРИКС өлкөлөрүнө жасаган "доллар опузасына" Кремль жооп берди