БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Борбордук “Ала-Тоо” аянтындагы Манастын айкели турган жердин асты демонтаждалып, толугу менен оңдолот. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Анын айтымында, эстелик турган жердин асты чирип, урайын деп калган. Оңдоо иштери январдын ортосунда башталат.
“2018-жылы Тарых музейи реконструкцияланган. Ошондо бул жерде гидроизоляциялоо иштери талаптагыдай аткарылган эмес. Ошол себептен суу кирип, астындагы конструкциялар бузулган. Эми эстелик астын оңдоодо бул кемчиликтер эске алынып, толугу менен жоюлат”, — деди Алагөзов.
Ал убагында Тарых музейин реконструкциялоого мамлекеттик бюджеттен 1,5 миллиард сом жана Түркиядан 15 миллион доллар грант берилгенин эске салды.