"Кыргызстанда өндүрүлгөн” деген бренддерди көргөндө кубанабыз, бирок ошол өндүрүштөрдүн атамекендик рыноктогу орду, атаандаштыгы кандай болуп жатканына анчейин деле маани бербейбиз. Жергиликтүү өндүрүшчүлөрдүн дээрлик бардыгы товарлары ЕАЭБ рыногуна оңой чыгарын, бирок атамекендик рынокто колдоо жоктугун айтышат. Бул жерде чыккан товарды сатып албай жаткан коомчулуктабы себеп же жергиилктүү өндүрүштү колдоо саясаты мамлекет тарабынан жеткиликтүү жүрбөй жатабы? Балким маркетинги начар болгон өндүрүшчүлөр өздөрү күнөөлүү болуп жүрбөсүн? Кыргызстандын химиялык өндүрүштө деги эле кайсы багыттарда мүмкүнчүлүктөрү бар? Дүйнөлүк бул тармактын продукциялары кантип пайда болгон?
Бүгүнкү “Экономикалык панорамада” автор Улукман Мамытов жооп берет.