2024-жылы жайыттарга байланыштуу орчундуу өзгөрүүлөр орун алды. Негизгилерине токтолсок, жайыттар жайыт комитеттеринен мамлекеттик башкарууга өттү. Ошондой эле “2024–2029-жылдарга карата жайыттарды өнүктүрүү программасы” кабыл алынды.
“Ачык кеп” берүүсүнүн алкагында бул нерселер жайыттарды колдонуу жана өнүктүрүүгө кандай таасир этип жатканы тууралуу маектештик. Биздин суроолорубузга Суу ресурстары айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Асыл тукум мал чарба, жайыт жана тоют департаментинин директору Мыктыбек Каландаров жооп берди.