Балдардын гаджеттерге сарптаган убактысынын көбөйүшү менен эң кеңири таралганы көрүү көйгөйлөрүнүн бири болуп калды. Азыркы тапта өспүрүмдөр арасында миопия (алыстан начар көрүү) күч алууда. Бул 21-кылымдын пандемиясы болуп саналат. Андыктан дүйнө жүзүндө миопияны токтотуу жолдору изилденүүдө. Дарыланууга мүмкүн болбогон миопияга жарыктын жетишсиздиги, буюмдарды өтө жакын коюп иштөө (китеп окуу, жазуу, кол өнөрчүлүк жана башка) себеп болот. Учурдагы изилдөөлөргө ылайык, эң башкы фактор — гаджеттер. Бул оору жаш балада пайда болушу өтө коркунучтуу. Эмне үчүн? Ата-эне аны баладан кантип байкоого болот? Балдар канча жашка чейин милдеттүү түрдө камсыздандырылышы керек?
Бул суроолорго Sputnik Кыргызстан радиосунун уктуруусунда жооп ала алдык.