Быйыл жаз-жай мезгили жаан-чачындуу болуп, Аксы районунун бир нече айылдарын сел каптап, өзгөчө кырдаал жарыяланган. Кырсыктын кесепеттери кандай жоюлганы, зыяндын орду кандай толтурулганы тууралуу Аксы районунун акими Замирбек Сыдыков айтып берди. Ошондой эле аким менен жалпы райондогу социалдык-экономикалык кырдаал, ишке ашып жаткан долбоорлор тууралуу маектештик.