Мамлекеттик башкаруу академиясынын жаңы экономика боюнча илим-изилдөө кафедрасынын жетекчиси, экономист Улукман Мамытов жергиликтүү химиялык өндүрүш ар тараптуу колдоого муктаждыгын айтты.
Дүйнөдө металлургиядан кийин эле химиялык өндүрүш турат. Айрым учурларда керек болсо металлургия да аталган өндүрүшкө көз каранды болот. Учурда бул тармаксыз жашоону элестетүү кыйын. Мындай пикирин Улукман Мамытов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жергиликтүү химиялык өндүрүш ар тараптуу колдоого муктаж.
"Ар бир өлкөнүн өзүнүн күчтүү жагы болгондой эле, Кыргызстанда да химиялык өндүрүштү колго алып, күчтөнтүү мүмкүнчүлүктөрү кенен. Бул тармак өтө олуттуу адамзатынын жашоосунун бардык тармагына кирген багыт болуп калды. Биз саамга эле сүт азыгын сактоону же балдар азык-түлүгүн узак убакыт кармоону элестетин көрөлүчү. Пастерлөөдөн өткөрмөйүн, бул мүмкүн эмес иш. Мурдагы кылымдардагы ачарчылыктар да ошонун айынан келип чыккан. Болбосо ооруп калганыбызда дарыларсыз айыгууга аракет кылалы. Кымбат баалуу асыл ташттарды казуудан тарта, иштеп чыгууга чейинки процесстерге көңүл буралы. Айтор, жууп-тазалоочу каражаттардан тарта космоско кадам салууга чейинки бардык багыттарда химия бар. Ал эми Кыргызстанга келе турган болсок, бул тармакта мүмкүнчүлүктөрү кеңири. Ошол эле фармацевтика жаатында чоң ийгиликтерге жетсе болот. Эң жөнөкөйүнөн баштасак, учурда бизде жууп-тазалоочу каражаттарды чыгарган ишканалар бар. Бирок аларга мамлекеттик ири колдоолор, биринчи кезекте ата мекендик продукцияны барктоону үйрөткөн идеологиялык кадамдар жок болууда. Бизнес өзүн ойлоп товар текчелердин эң көзгө көрүнбөгөн жагына тизилет. Адамдардын аң-сезимин ээлеп алган рекламаларда жергиликтүү өндүрүштөргө лоялдуу караган программалар жок. Аз өлчөмдө чыгарган ишкерлерди айталы ошол эле ЕАЭБ рыногуна чыгууга көмөктөр колго алынбайт. Биз бул өндүрүш тармагына болгон көз карашыбызды кайрадан карап чыгышыбыз керек жана бул жаатта илимге басым жасашыбыз шарт", — деди Мамытов.
Ал ошондой эле учурда тендецияга айланган "химиясыз, нукура продукция" жарнамалары да ошол эле дүйнөлүк химия өндүрүүчүлөрүнүн маркетингдик кадамы экенин кошумчалады.