Быйыл Кыргызстанда 2,3 миң даана коллекциялык монета чыгарылат

Sputnik
БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Бул жылы Кыргызстандын Улуттук банкы 2,3 миң даана коллекциялык монета чыгарууну пландоодо.
Каржылык жөнгө салуу мекемесинин сайтында маалымдалгандай, алардын баары 10 сом номиналында күмүштөн жасалат.
Монеталар боюнча маалыматтар:
"Тушоо кесүү" ("Кыргызстандын үрп-адаттары" сериясынын алкагында) — 1 000 даана;
"Улуу Жеңишке 80 жыл" ("Тарыхый окуялар" сериясынын алкагында) — 800 даана;
"Кыргыз мамлекеттүүлүгүн негиздеген аталар" ("Тарыхый окуялар" сериясынын алкагында) — 500 даана.
"Айкөл Манас" коллекциялык алтын монетасы сатыкка чыгарылды. Сүрөт