Кыргызстан күн карама майынын жетпеген бөлүгүн негизинен ЕАЭБден алат

Sputnik
БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Кыргызстан күн карама майынын жетишсиз бөлүгүнүн дээрлик бардыгын ЕАЭБ өлкөлөрүнөн сатып алат. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында жазылган.
Былтыр ноябрда Айыл чарба министрлиги Кыргызстан өсүмдүк майга болгон керектөөнүн 30 пайызын өзү камсыздай аларын билдирген.
Статистика комитетинин соңку маалыматына таянсак (2024-жылдын январь-октябрь айларынын аралыгында), республика 32,8 миң тонна май импорттогон.
Кыргызстан май сатып алган өлкөлөр:
Россия — 24,7 миң тонна;
Казакстан — 7,5 миң тонна;
Өзбекстан — 334 тонна;
Түркия — 141,4 тонна;
АКШ — 40 тонна;
Азербайжан — 21,8 тонна;
Кытай — 0,1 тонна.
Ал эми 2023-жылдын бул мезгилинде Кыргызстан сырттан 36,3 миң тонна өсүмдүк майын импорттогон.
Кыргызстанга ун жана буудай негизинен ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келет. Статистика