Кыргызстанда үй-бүлөлөр чоңоюуда. Статкомдун маалыматы

Бишкекте үй-бүлө кар киши жасашты. Архив
Sputnik
БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Кыргызстанда үй-бүлөлөр чоңоюуда. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында жазылган.
Мында 1970-жыл менен 2022-жылдагы сандар салыштырылган. Ага ылайык, бул мезгилдер аралыгында үй-бүлө мүчөлөрү орто эсеп менен алганда 4,6 адамдан 5,4 адамга көбөйгөн.
Шаарларда өсүү төрттөн 4,9 адамга чейин болсо, айыл жергесинде бул көрсөткүч 5,1ден 5,7ге жеткен.
Жаңы үйлөнгөндөр. Архив
Өлкөдө эң бекем үй-бүлөлөр каякта экени белгилүү болду. Статистика