5000 сомдук акча аукциондо 500 миң рублге бааланууда. Себеби

Беш миң сомдук купюра. Иллюстративдик сүрөт
Sputnik
БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Россиялык онлайн тооруктардын бирине номиналы 5 миң сом болгон купюра коюлду.
Анын баштапкы наркы 500 миң рубль (КРдин Улуттук банкынын расмий курсу боюнча 393,6 миң сом), тактап айтканда, наркы өз баасынан 79 эсеге көп.
Ал банк кызматкерлерин, калкты жана уюмдарды банкнотанын жаңы чыгарылышы менен тааныштырууга арналган, купюранын төлөм жүргүзүүгө болбой турган көчүрмөсү болуп саналат. Анда "үлгү" деген жазуу бар. Номери — АА0000000.
Титаниктен алтын жалатылган Waltham чөнтөк сааты. Архив
"Титаниктеги" эң бай адамдын алтын сааты 1,5 миллион долларга сатылды