Кыргызстандын малынын ич этине чет өлкөлөрдүн суроо-талабы көбөйдү

Эт базары. Архив
Sputnik
БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. 2024-жылдын январь-сентябрында Кыргызстандан малдын 698,2 тонна ич эти тышка сатылган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин отчетунда жазылган.
Кыргызстандагы малдын ичеги-карынын алган өлкөлөр:
Вьетнам — 433,2 тонна;
Түркия — 94,8;
Гонконг — 76,7;
Кытай — 29,4;
Пакистан — 21,9;
Египет — 21,3;
Өзбекстан — 20,9.
Статистикалык комитетте 2018-жылдан берки маалыматтар бар. Аларга көз чаптырсак, өткөн жылдын январь-октябрь айларында мындай товарлардын экспорту 2023 жана 2022-жылдардагы көрсөткүчтөн (606,4 жана 525,3 тонна) ашканын байкоого болот. Бирок бул рекордук сан эмес: 2019-жылы экспорттун көлөмү 1 000 тоннадан ашкан.
Белгилей кетсек, 2019-жылдан бери Кыргызстанда ичегилерди импорттобой калган Пакистан сатып алууну кайра жандандырса, ич эт алган мамлекеттердин катарына Өзбекстан да кошулду.
Жүк терминалында жүктөрдү жүктөө жана түшүрүү. Архив
Кыргызстандан чыккан товарлар кайсы мамлекеттерге кетет? Тизме