БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер АКШнын президенти боло турган Дональд Трампты Россия лидери Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдүн ордуна Киевге аскердик колдоо көрсөтүүнү улантууга көндүрүүгө аракет кылат. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Times гезитине жарыяланган макалага таянып жазды.
"Стармер Вашингтонго январдын аягы, февралдын башында барары пландалууда. Ал Трампты Путин менен келишим түзүүгө убада бергенине карабай Украинага аскердик колдоо көрсөтүүгө болушунча үндөйт", — деп жазылат анда.
Мындан тышкары, маалыматта британиялык премьер-министрдин Трамптын чет элдик товарларды АКШга киргизүүдө салык төлөмдөрүн орнотуу планына каршы экендиги белгиленген. Ошол эле учурда Стармердин Американын улуттук коопсуздук боюнча жаңы администрациясын колдой тургандыгы кошумчаланган.
Декабрь айында Стармер G7 мамлекеттеринин лидерлерин санкциялар аркылуу Россияга басымды күчөтүүгө, Киевге жардамды көбөйтүүгө чакырган. 22-декабрда Трамп Украинадагы согушту жөнгө салуу боюнча Путин менен жолугушууну күтүп жатканын айткан. Саясатчынын айтымында, эгерде ошол учурда ал президенттик кызматта турганында мындай жаңжал болмок эмес. Россия президенти маалымат жыйын учурунда Трамп менен кездешип сүйлөшүүгө даяр экенин, жолугушуу уюштурулса, анда алар талкуулай турган жагдайлар бар экенин белгилеген.
Мындан тышкары, АКШга президент болуп шайланган Трапм кызматка киришкен соң Канада, Мексикадан ташылган товарларга 25 пайыздык деңгээлдеги салыктык тарифти киргизерин, Кытайдан келчүлөрүнө 10 пайыз салык төлөмүн кошо турганын убадалаган. Wall Street Journal гезити мындай жаңы тарифтер глобалдык соода системасын бузуп, Америка экономикасынын негизги тармактарына олуттуу зыян алып келүү коркунучтары бардыгын жазган.