Кар жаайт. 12-январга чейинки аба ырайынын божомолу

Sputnik
БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Кыргызгидромет республика боюнча 12-январга чейин күтүлгөн аба ырайы боюнча маалымат берди.
Синоптиктер келерки аптада көпчүлүк жерлерде кар жаай турганын айтууда. 7, 9, 10 жана 11-январь күндөрү күн ачык болот.
Бишкекте 8-январда мезгил-мезгили менен кар жаайт, калган күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт.

Чүй, Талас

Аймактарда 5-6-январда айрым жерлерде кар жаап, туман түшүшү ыктымал. 7-январда күн ачык болот. Бирок эртеси көпчүлүк жерлерде кар жаашы божомолдонууда. Аптанын калган күндөрү жаан-чачын болбойт.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен

Республиканын түштүк облустарында келерки жуманын 7-январь жана 9-11-январь күндөрү күн ачык болору айтылды. Калган күндөрү кар жаашы күтүлүүдө.

Ысык-Көл, Нарын

Эки облуста алдыдагы аптада кар көп жаайт. Синоптиктердин айтымында 10-11-январь күндөрү күн ачык болуп, калган күндөрү кар жаашы күтүлүүдө. Нарында 7-январь күндүз жаан-чачын болору айтылды.
Өзгөрүп турат. Январга карата аба ырайы