6-январга карата аба ырайы

6-январга караган түнү айрым жерлерде кар жаап, туман түшөт. Жолдор тоңуп, тайгак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. 6-январь, дүйшөмбүдө Кыргызстандын күндүз тоолуу райондоруна кар жааса, дыйканчылык өрөөндөрдө күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргыз гидрометерология кызматы таратты.
Абанын температурасы Чүй жана Талас жергесинде +1...+6, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +2...+7, Ысык-Көлдө 0...+5 градус болсо, Нарын аймагында -3...-8 градусту көрсөтөт.
Борбор калаада абанын температурасы Бишкекте +3...+5, Ош шаарында +4...+6 градус болот.
Кар жаайт. 12-январга чейинки аба ырайынын божомолу